БУУ Түркиянын Париж климаттык келишимин ратификациялоосунан кубанычтуу

Бириккен Улуттар Уюму  Түркиянын Париж климаттык келишимин ратификациялоосун  ыраазычылык менен кабыл алды.

1716685
БУУ Түркиянын Париж климаттык келишимин ратификациялоосунан кубанычтуу

Бириккен Улуттар Уюму  Түркиянын Париж климаттык келишимин ратификациялоосун  ыраазычылык менен кабыл алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриш Түркиянын келишимди ратификациялоосунабайланыштуу твиттерден маалымат берди. Гутерриш : «Түркиянын Париш климаттык келишимин ратификациялап чоң жыйырмалардын катарына кошулганына кубанычтуумун. Түркиянын 2053 - жылга чейин таза нөлдүк эмиссияга милдеттенмелеринин чегинде мүмкүн болушунча тезирээк улуттук климат боюнча иш планын тапшырышын күтөм",- деди.

Бириккен Улуттар Уюму келишимдин негизинде глобалдык ысыктыктын артышынын 2 градустан төмөн болушун камсыздоо үчүн 2050 - жылга чейин дүйнө жүзү боюнча парник газдарынын эмиссиясын нөлгө чейин азайтуусун каалайт.



Тектеш кабарлар