Шентоп: «Дүйнөнү бардык адамдарга бирдей маани берген эгалитардык мамилелер өзгөртөт»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Шентоп, G20нын кезектеги жетекчиси Италияда өткөрүлгөн G20 Парламент төрагаларынын 7-саммитинде (P20) «Пандемиядан келип чыккан социалдык жана жумуш кризистеринин чечимдери» аттуу отурумда баяндама жасады.

1716473
Шентоп: «Дүйнөнү бардык адамдарга бирдей маани берген эгалитардык мамилелер  өзгөртөт»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, «Демократия боюнча эң сонун сөздөр кулагыбызга жагып жатканы менен, төңкөрүштөрдү жана төңкөрүшчүлөрдү колдобогон мамилелер биздин дүйнөнүн келечеги үчүн маанилүү»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Шентоп, G20нын кезектеги жетекчиси Италияда өткөрүлгөн G20 Парламент төрагаларынын 7-саммитинде (P20) «Пандемиядан келип чыккан социалдык жана жумуш кризистеринин чечимдери» аттуу отурумда баяндама жасады.

Шентоп Ковид-19 эпидемиясы адамзатты даярдыксыз кармаганын кеп кылып:«Түркия катары акыркы 20 жылда ден-соолук тармагына салынган чоң инвестициялар жана бай адам ресурстарыбыз менен сөз болуп жаткан глобалдык эпидемияны эч кандай орундук көйгөйүсүз башкара алдык. Эпидемия башталгандан бери саламаттык сактоо шаймандарынан тартып 160 өлкөгө медициналык жардам бергенибиз үчүн кубанычтабыз»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, «парламент» сөзүнүн түбү сөз сүйлөөчү жер болгонуна, бирок айтылган сөздөр иш-аракетке айландырылышы керек экенине көңүл буруп: «Биздин дүйнөнү кооз жана жаркыраган сөздөр эмес, бардык адамдарга бирдей маани берген жана чындап эгалитардык жана адилеттүү мамилелер менен ишке ашырылган иш -аракеттер өзгөртөт. Өлчөм сөз менен эмес, иш менен болот»,-деп айтты.

Шентоп сөзүн мындайча жыйынтыктады: «Европа же Америкадагы бир жарандын өмүрү Ооганстанда же Йеменде же Ливияда «кокусунан» бомбаланып каза болгон жарандын жашоосуна барабар экенине чын жүрөктөн жана чын дилден ишенип иш-аракетке өтмөйүнчө, жакшы дүйнө ишке ашпайт. Жаркыраган сөздөр демократия боюнча кулагыбызга жакканы менен дүйнө жүзүндөгү төңкөрүштөрдү жана төңкөрүшчүлөрдү колдобогон мамилелер биздин дүйнөнүн келечеги үчүн маанилүү. G20 өлкөлөрү катары мен буга жетишүү үчүн инфраструктурабыз бар деп ишенем».



Тектеш кабарлар