Мевлүт Чавушоглу пакистандык кесиптеши менен сүйлөштү

Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөшүүдө Пакистанга көңүл айтты.

1715988
Мевлүт Чавушоглу пакистандык кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты. 

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө : "Министр Мевлүт Чавушоглу бүгүн Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Пакистандын түштүгүндөгү Белужистан аймагында бүгүн эрте менен болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтып, керек болсо жардам берүүгө даяр экенибизди билдирди",- деп маалымдалды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар