Түркия-Греция кеңешүү сүйлөшүүлөрү

Сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасы 16-мартта Грециянын борбору Афинада, 61-айлампасы болсо январда Стамбулда өткөрүлгөн.

1715852
Түркия-Греция кеңешүү сүйлөшүүлөрү

Түркия менен Грециянын ортосундагы кеңешүү сүйлөшүүлөрүнүн 63-айлампасы борбор шаар Анкарада өттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Твиттердеги баракчасындагы билдирүүдө: «Бүгүн Анкарада Түркия менен Грециянын консультациялык сүйлөшүүлөрүнүн 63-айлампасы өттү» деген сөздөр камтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасы 16-мартта Грециянын борбору Афинада, 61-айлампасы болсо январда Стамбулда өткөрүлгөн.

Түркия менен Греция бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде Эгей жана Жер Ортолук деңиздериндеги көйгөйлөрдү чечүүнү максат кылууда.

Эки өлкө Эгей маселелерине эки тарап тең кабыл ала турган "адилеттүү, туруктуу жана комплекстүү" чечүүчү жол үчүн негиз түзүү максатында 2002-жылдын 12 -мартында Анкарада сүйлөшүүлөрдү баштаган.



Тектеш кабарлар