Эрдоган Парламенттеги фракциясына кайрылуусунда жаңы конституцияга токтолду

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1715788
Эрдоган Парламенттеги фракциясына кайрылуусунда жаңы конституцияга токтолду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы конституция изилдөөлөрүнө байланыштуу: «Эгерде биз өзүбүздүн даярдыктарыбызды башка партиялардын конституциялык сунуштары менен айкалыштыра алсак, анда мыйзам чыгаруу жылынын аягына чейин бул ишти Парламенттин ичинде бүтүрө алабыз»,-деп айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган жаңы мыйзам чыгаруу жылында партиясынын биринчи парламенттик тобунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө жаңы конституция боюнча иштерге баа берди.

Түркиянын күн тартибине алып келген жаңы конституцияны даярдоо боюнча сунуштарда чын ыкластуу экендиктерин баса белгилеген Эрдоган, Парламенттеги башка партиялардын даярдыктарын мүмкүн болушунча тезирээк коомчулук менен бөлүшүүсүн күткөндөрүн айтты.

Эрдоган: «Эгерде биз өзүбүздүн даярдыктарыбызды башка партиялардын конституциялык сунуштары менен айкалыштыра алсак, анда бул ишти мыйзам чыгаруу жылынын аягына чейин Парламенттин ичинде бүтүрө алабыз»,-деди.

Түркиянын Президенттик башкаруу системасы менен жетишкен артыкчылыктарынын орчундуу маанисин баса белгилеп, муну жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын учурунда баары бирге башынан өткөргөнүн жана көргөнүн айткан Эрдоган: «Өнүккөн өлкөлөр менен катар көптөгөн өлкөлөр, дагы деле канчалаган саясий, экономикалык жана социалдык оорулар менен жапа чегип жатышканда, биз ден-соолуктан өнөр жайга чейин ар бир тармакта позитивдүү айырмалана алдык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар