Стамбул аэропорту экинчи орунду ээледи

Анталья аэропорту 699 рейс менен 7-орунда турат.

1714764
Стамбул аэропорту экинчи орунду ээледи

Стамбул аэропорту күнүмдүк орточо 986 рейс менен Европада эң көп учуу ишке ашкан экинчи аэропорт болду.

Европанын Аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) 27-сентябрдан 3-октябрга чейинки аба кыймылынын көрсөткүчтөрүнө караганда, Амстердам аэропорту күнүмдүк 1,644 рейс менен Европада биринчи орунду ээледи.

Амстердам аэропортунан кийин күнүмдүк 986 рейс менен Стамбул аэропорту турат.

Франкфурт аэропорту 938 рейс менен 3-орунду, Париж Шарль де Голль аэропорту 844 рейс менен 4-орунду, Анталья аэропорту 699 рейс менен 7-орунду ээледи.

Ошол эле мезгилде Европа боюнча авиакомпаниялар акыркы жумада күнүмдүк орточо 13 миң 70 рейс жасаса, жумалык каттамдардын саны 165 миң 86га жетти.

Ryanair күнүмдүк 2328 рейс менен Европада эң көп учкан авиакомпания болду.

Түрк аба жолдору күнүмдүк 1212 рейс менен 2-орунду, Easyjet 149 рейс менен 3-орунду, Pegasus аба жолдору 458 рейс менен 9-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар