Эрдоган: «Жогорку окуу жайлардын студенттерине эң көп жатакана мүмкүнчүлүгүн камсыздаган өлкөбүз»

Эрдоган жогорку окуу жайларына колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын билдирди.

1715140
Эрдоган: «Жогорку окуу жайлардын студенттерине эң көп жатакана мүмкүнчүлүгүн камсыздаган өлкөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын дүйнөдө жогорку окуу жайлардын студенттерине эң көп жатакана мүмкүнчүлүгүн камсыздаган өлкө экенин айтты.

Президент Эрдоган Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда 2021-2022 Жогорку окуу академиялык жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган өз сөзүндө университеттердеги академиялык кызматкерлердин санын 70 миңден 180 миңден ашыргандыктарын белгилеп, 18-22 жаштардагы жаштардын 44 пайызынын жогорку билимге ээ боло алышканын маалымдады.

Түркиядагы университеттердин 230 миң чет элдик студентти да кабыл алганын баса белгилеген Эрдоган, быйыл 3 миң 500 стипендия үчүн 165 миң арыз алгандарын айтты.

Эрдоган коронавирус (Ковид-19) коркунучуна каршы керектүү чараларды көрүү менен университеттерде билим берүүнү үзгүлтүксүз улантууга чечкиндүү экендерин билдирди.

«Түркия, 1 миллиондон ашык жатакана менен дүйнөдө жогорку билим алган студенттер үчүн эң көп жатакана мүмкүнчүлүгүн камсыздаган өлкө» деген Эрдоган, 110 миңден ашуун керебетке ылайыкташкан жаңы жатаканаларды студенттерге берип жатакана маселесин толугу менен чече турганын айтты.

Эрдоган жогорку окуу жайларына колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар