Эрдоган: «Батыштын жогору экендиги боюнча көйгөй жараткан түшүнүктүн аягына келдик»

Эрдоган «The Criterion» журналына «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» китеби, Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши жөнүндө сын жана чечим сунуштары тууралуу маек берди.

1715116
Эрдоган: «Батыштын жогору экендиги боюнча көйгөй жараткан түшүнүктүн аягына келдик»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Батыштын жогору экендиги боюнча көйгөй жараткан түшүнүктүн аягына келгенин айтты.

Эрдоган «The Criterion» журналына «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» китеби, Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши жөнүндө сын жана чечим сунуштары тууралуу маек берди.

Эмне үчүн мындай китепти басып чыгарышы керек болгондугу жөнүндө суроого Эрдоган, глобалдык системанын кеңири чакырыкка туш болгонун айтты.

Түркиянын башынан бери бул трансформацияны жетектөөгө аракет кылганын жана болгон көйгөйлөргө көңүл бурганын айткан Эрдоган, Түркиянын дин, тил жана расасына карабай, көргөн адилетсиздиктердин баарына көңүл бурганын баса белгиледи.

Ар дайым адилеттүүлүккө, адилеттүү мамиле жасоого жана теңсиздикти күн тартибине алып чыгуу менен глобалдык системанын абийири катары аракет кылышкандарына көңүлдөрдү бурган Эрдоган: «Биз ушул убакка чейин айтып келген маселелерибизди тарыхка жазуу үчүн бир китепте чогултууну чечтик»,-деди.

Эрдоган азыркы дүйнөлүк системанын алдында көптөгөн кыйынчылыктар бар экенин жана бул жалгыз бир өлкөнүн өз алдынча жеңе ала турган кыйынчылык эмес экенин айтты.

Дүйнөлүк саясатты караганыбызда башкача сүрөттүн бар экенин түшүндүргөн Эрдоган: «Биз Батыштын жогору экендиги боюнча көйгөй жараткан түшүнүктүн аягына келдик. Ар бир адам азыр муну сурайт жана кабыл алат. Батыштын кылымдарга таандык гегемониясы бүттү. Жаңы эл аралык система пайда болууда»,-деп өз пикирин бөлүштү.

Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин эрежелери бар дүйнөнүн курулганын баса белгилеген Эрдоган: «Биз эрежелер бар болсо, ар бир адам эрежелерге баш ийиши керек деп айтабыз; эгер эрежелер эскирип, натыйжасыз болсо, анда отуруп, эрежелерди жана эл аралык нормаларды кайрадан талкуулайлы. Ошентип, биз глобалдык башкарууну эффективдүү иштей алгыдай кылабыз. Глобалдык башкаруунун борборунда эмне бар? Албетте, Бириккен Улуттар Уюму бар. Анда, БУУ жакшы глобалдык башкарууну убада кылуудабы? Балким ооба. Бирок аны ишке ашыруудабы? Жок. Анда келгиле БУУну кайра карап чыгып, глобалдык башкаруунун көйгөйлөрүн акырындык менен талкуулап, чечели.  Биз бул тайманбас кадамга барышыбыз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар