Боз категорияда изделген террорист жок кылынды
Операцияда жок кылынган 3 терроиисттин бирөөсүнүн боз категорияда изделген Загрос Жуди каймана аттуу Мехди Уйсал экендиги аныкталды.
Ирактын түндүгүндө ПКК террордук уюмдун 3 террористи жок кылынды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Улуттук Чалгындоо Уюму жана түрк куралдуу күчтөрүнүн 27 - сентябрда Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагына операция жүргүздү. Операцияда ПКК/КЖКнын 3 террористти жок кылынды.
Ички иштер министрлиги ПКК террордук уюмга карата "Эрен - 13" операцияларынын негизинде жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат берди. Министрликтин маалыматында Бестлер - Дерелер аймагында 2021 - жылдын 22 - сентябрында жүргүзүлгөн операцияда 2 террорист жок кылынган.
Маалыматта жок кылынган террористтердин бирөөсүнүн Шырнак облусунун Ботан аймагынын жооптуусу жана Террордон изделгендер тизмесинде 500 000 лирага чейин сыйлык менен боз категорияда изделген Загрос Жуди каймана аттуу Мехди Уйсал экендиги аныкталды.