Октай Рум жетекчилигин айыптады

Октай: "Окуу китептериндеги барактарды айрып салуу менен тарыхый мурасты өчүрүү мүмкүн эмес"

1704981
Октай  Рум жетекчилигин айыптады

Вице-президент Фуат Октай, Кипр Рум жетекчилигинин Билим берүү министрлигинин, окуу китебинен Мустафа Кемал Ататүрк түшүндүрүлгөн баракты айрып салуу жөнүндөгү буйругун айыптады.

Октай Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө, Кипр Рум жетекчилигине "окуу китептериндеги барактарды айрып салуу менен тарыхый мурасты өчүрүү мүмкүн эмес экендигин" эске салып: «Республикабыздын негиздөөчүсү Ататүрккө жана улутубузга карата жасалган бул адепсиздик румдардын Түркиянын аралдагы иштерине каршы көрө албастыгынын эң ачык көрсөткүчү. Мен муну айыптаймын!»,-деди.



Тектеш кабарлар