Эрдоган Тажикстандын президенти Рахмон менен сүйлөштү

Эрдоган менен Рахмон Түркия-Тажикстан карым-катнаштарын талкуулашты жана Ооганстан баш болгон аймактык маселелерге баа беришти.

1705400
Эрдоган Тажикстандын президенти Рахмон менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган менен Рахмон Түркия-Тажикстан карым-катнаштарын талкуулашты жана Ооганстан баш болгон аймактык маселелерге баа беришти. 

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө айрыкча Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Эрдоган Тажикстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкөлөрдүн бири катары алар бул өлкөнүн жанында болууну улантаарын айтты.



Тектеш кабарлар