Эрдоган Италиянын премьер-министри Драги менен сүйлөштү

Экинчи тараптын талабы боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, Эрдоган маектешине НАТОдогу союздашы Италиядан эки тараптуу карым -катнаштарга Түркиянын берген маанисине ылайыктуу жооп алууну күтүп  жатышканын айтты.

1705040
Эрдоган Италиянын премьер-министри Драги менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Италиянын премьер -министри Марио Драги менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Экинчи тараптын талабы боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, Эрдоган маектешине НАТОдогу союздашы Италиядан эки тараптуу карым -катнаштарга Түркиянын берген маанисине ылайыктуу жооп алууну күтүп  жатышканын айтты.

Италиянын Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшүнө жана мүчөлүк процессинин принципиалдуу түрдө улантыларына ишенерин айткан Эрдоган, Бажы биримдигин жаңыртуу үчүн сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк жана эч кандай алдын ала шартсыз баштоо баарынын кызыкчылыгына экенин жана 18 -Март (Иммигрант) Келишимин бүтүнү менен жаңыртуу зарыл экенин айтты.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган ошондой эле Ооганстан талибдердин көзөмөлүнө өткөн соң талаада жаңы абал жаралганын жана гуманитардык жардам жеткирүү үчүн талибдер менен алаканын сакталышы керектигин, антпесе «буга чейин эң жогорку деңгээлге жеткен» миграцияга кысым көрсөтүлүп андан да көбөйөрүн билдирди.

Ливиядагы шайлоолордун өз убагында өткөрүлүшүн колдогондорун белгилеген Эрдоган, Түркия катары мыйзамдуу коопсуздук күчтөрүнө Ливиянын талабы боюнча жана эки тараптуу келишимдердин негизинде окутуу жана консультация бергенин баса белгиледи.

Италиянын премьер-министри болсо президент Эрдоганды өлкөсү жетектеген Чоң жыйырмалыктын (G-20) октябрь айында Римде өтө турган Лидерлер саммитине чакырды.



Тектеш кабарлар