Чавушоглу Ооганстан темалуу конференцияга катышты

15-августта борбор шаар Кабулду курчоого алган талибдер президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кагылышуусуз шаарды көзөмөлгө алышкан.

1705023
Чавушоглу Ооганстан темалуу конференцияга катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШ жана Германия тарабынан уюштурулган видеоконференцияда, Ооганстандагы саясий кырдаал жана бул өлкөдөгү гуманитардык кризиске байланыштуу көз караштарын бөлүштү.

Твиттердеги билдирүүсүндө Мевлүт Чавушоглу АКШ жана Германия тарабынан уюштурулган Ооганстан темалуу видеоконференцияга катышканын, жыйында Ооганстандагы саясий кырдаал жана барган сайын курчуган гуманитардык кризис тууралуу көз караштарын бөлүшкөнүн айтты.

15-августта борбор шаар Кабулду курчоого алган талибдер, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кагылышуусуз шаарды көзөмөлгө алышкан.

Талибдер мурунку күнү да өкмөттү түзгөнүн жарыялашкан.



Тектеш кабарлар