Вице-президент Фуат Октай Кыргызстанга барат

Октайдын 9-10-11-сентябрдагы сапары учурунда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.

1704744
Вице-президент Фуат Октай Кыргызстанга барат

Вице-президент Фуат Октай жана аны коштогон делегация, Түркия-Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн эртең Кыргызстанга барат.

Октайдын 9-10-11-сентябрдагы сапары учурунда, Түркия-Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын 10-жыйынынын алдында түрк компанияларынын жетекчилери менен кезигип, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.

Жыйындын алкагында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы жана Түркия-Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын тең төрагасы Улукбек Марипов менен бетме-бет жолугуша турган Октай, эки өлкөнүн карым-катнаштарын тездетүүгө багытталган соода, өнөр жай, аккредитация, энергетика, транспорт, айыл чарба жана токой чарба, туризм секторлоруна байланыштуу кол коюла турган протоколдордон кийин биргелешкен пресс-конференцияда сөз сүйлөйт.

Фуат Октай андан соң Кыргызстанда курулушу аяктаган "Маариф" билим берүү комплексинин ачылышын жасайт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен расмий жолугушуудан кийин Октай, анын урматына бериле турган кечки сый тамакка катышат.



Тектеш кабарлар