Эрдоган БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарын кабыл алат

Грандинин борбор шаар Анкарадагы жолугушууларынан тышкары Шанлыурфа жана Газиантепте иликтөөлөрдү жүргүзө турганы белгиленди.

1704408
Эрдоган БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарын кабыл алат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Грандини кабыл алат.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келген Филиппо Гранди бүгүн президент Эрдоган менен кезигет.

Президенттик комплексте өткөрүлө турган жолугушууда, Ооганстандагы качкындар маселеси менен бирге аймактагы иммиграция көйгөйлөрүнүн талкууланары маалымдалды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө да, Грандинин борбор шаар Анкарадагы жолугушууларынан тышкары Шанлыурфа жана Газиантепте иликтөөлөрдү жүргүзө турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар