Министр Сойлу Анкарада Оливер Вархели менен жолугушту

Оливер Вархели жана аны коштогон делегация GAMERди кыдырып чыгышты.

1703826
Министр Сойлу Анкарада Оливер Вархели менен жолугушту

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Европа Биримдигинин (ЕБ) Коңшулук жана Кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархели жана аны коштогон делегация менен жолугушту.

Борбор шаар Анкарадагы Коопсуздук жана Өзгөчө кырдаалдарды Координациялоо Борборунда (GAMER) өткөрүлгөн жолугушууда министр Сойлу Вархелиге бул жер тууралуу маалымат берди.

Сапардын жүрүшүндө Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары, качкындар, чек ара коопсуздугу жана Ооганстандагы акыркы окуялардан улам келип чыга турган миграция кысымы сыяктуу маселелер талкууланды.

Жолугушууга ички иштер министринин орун басары Мухтерем Инже жана Европа Биримдигинин Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Николаус Мейер-Ландрут да катышты.



Тектеш кабарлар