Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Шисекеди Түркияга келет

Бул тууралуу Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.

1703657
Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Шисекеди Түркияга келет

Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Феликс Шисекеди, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусуна карата бүгүн  Түркияда расмий сапар болот.

Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Конго Демократиялык Республикасынан Түркияга президенттик деңгээлинде ишке ашырыла турган бул биринчи сапардын алкагындагы жолугушууда, эки лидердин ортосунда жүргүзүлө турган сүйлөшүүлөрдө, эки жактуу карым-катнаштарга бардык өңүттөн  баа берилет жана кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө карата таштала турган кадамдар каралат.

Президент Эрдоган менен Африка Биримдигинин кезектеги төрагалыгын да жүргүзгөн Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Феликс Шисекединин жолугушуусунда, айрыкча Африкадагы акыркы өнүгүүлөр менен Түркия-Африка Өнөктөштүгү Саммитинин 3-жыйынынын даякдыктары каралат жана актуалдуу эл аралык маселелер жөнүндө пикир алмашылат.



Тектеш кабарлар