Чавушоглу: «Кабул аэропортунун иштеши боюнча Катар жана АКШ менен иштешип жатабыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менчик телеканалда катышкан программада күн тартибине баа берди.

1703830
Чавушоглу: «Кабул аэропортунун иштеши боюнча Катар жана АКШ менен иштешип жатабыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Биз Кабул аэропортунун эки фазалуу иштеши боюнча Катар жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен иштешип жатабыз»,-деди.

Чавушоглу менчик телеканалда катышкан программада күн тартибине баа берди.

Түркиянын Кабул аэропортунун иштеши боюнча Катар жана АКШ менен иштешип жатканын айткан министр Чавушоглу: «Учурда аэропорт кээ бир техникалык каттамдар же гуманитардык жардам ташыган учактар ​​үчүн конууга ачылды. Бир нече ички каттамдар да ачылды. Эвакуацияга муктаж болгон адамдар бар. Түркияга кайтууну каалаган жарандарыбыздын көбүн алып келдик. 1400дөн ашуун адам эвакуацияланды»,-деди.

Чавушоглу Түркия Талибанды тааныйбы же жокпу деген суроого: «Биз бул маселеде шашпашыбыз керек. Бул биздин бүткүл дүйнөгө кеңешибиз. Инклюзивдүү өкмөт болушу керек. Ал талибдерден гана турбастан, баарын камтышы керек. Эл аралык коомчулук биргелешип аракет кылышы керек. Биз үмүттөнөбүз аялдар да көрсөтүлөт. Биз шарттарга жана өнүгүүлөргө жараша аракет кылабыз»,-деп жооп берди.

«Түркия катары биз Ооганстандагы гуманитардык жана моралдык жоопкерчилигибизди башкаларга караганда көбүрөөк аткардык»,-деп айткан Мевлүт Чавушоглу: «Түркия азырынча өз салымын кошконуна баары макул болушту. Андыктан биз миграциянын кошумча жүгүн көтөрө албайбыз. Сактык чараларын көрүшүбүз керек. Бизде миграцияга гуманитардык мамиле бар, бирок бул глобалдык көйгөй»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар