Чавушоглу эки кесиптеши менен сүйлөштү
Чавушоглу кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү.
1703628
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.
Министрликтин маалыматына караганда, Чавушоглу бахрейндик кесиптеши Заяни менен "эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелерди" талкуулады.
Министр Чавушоглу өзбек кесиптеши Камилов менен болсо Ооганстан темасын сүйлөштү.