Түркия Гвинеядагы аскердик төңкөрүштү айыптады

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Биз Гвинеядагы төңкөрүш аракетин жана президент Альфа Конденин камалышын айыптайбыз жана терең тынчсызданганыбызды билдиребиз»,делди.

1703014
Түркия Гвинеядагы аскердик төңкөрүштү айыптады

 

Түркия Гвинеядагы төңкөрүштү жана президент Альфа Конденин кармалышын айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Биз Гвинеядагы төңкөрүш аракетин жана президент Альфа Конденин камалышын айыптайбыз жана терең тынчсызданганыбызды билдиребиз»,делди.

«Түркия шайланган өкмөттөрдү мыйзамсыз алмаштыруу аракеттерине каршы» деген баалоосун камтыган билдирүүдө дос жана боордош Гвинеядагы конституциялык түзүлүштү тез арада калыбына келтирүү жана президент Конденин тез арада бошотулушу боюнча күчтүү үмүттөр баса белгиленди.

Билдирүүдө, «Бул оор жана сезимтал мезгилде Түркия дос жана тууган Гвинея менен бирге болот »,деген сөздөр орун алды.

Гвинеянын борбору Конакриде президенттик сарай Секоутурея менен административдик имараттар жайгашкан Калум аймагынан эртең менен мылтыктын үндөрү угулду.

Окуядан бир нече саат өткөндөн кийин, социалдык тармактарда Атайын бөлүктөрдүн (ГФС) башчысы, полковник Мамады Думбуянын билдирүүлөрү камтылган видео социалдык тармактарда таркатылып, ошол эле учурда президент Конденин аскерлер тарабынан кармалып турганы жөнүндө видеолор бөлүшүлгөн.



Тектеш кабарлар