Президент Эрдоган Рош Ашана майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган  еврей жарандарды  еврей календары боюнча  жаңы жыл болгон Рош Ашана майрамы менен куттуктады.

1703388
Президент Эрдоган  Рош Ашана майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган  еврей жарандарды  еврей календары боюнча  жаңы жыл болгон Рош Ашана майрамы менен куттуктады.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Рош Ашана майрамына карата куттуктоо жарыялады.

Еврей жарандарын куттуктаган Эрдоган маданий, саясий жана адамзаттык түзүлүштөгү айырмачылыктардын Түркияны өнүктүргөн, биримдикти бекемдеген байлыктын булагы экендигин баса белгиледи.

Эрдоган куттуктоосунда буларды айтты : «Мамлекетибиз жарандарынын дин жана ибадат эркиндигин дүйнөдөгү бир топ өлкөдөн мурда конституциялык кепилдикке алуусуна маани бергендигин көрсөттү.

Аймагыбызда күч алган маданий расизмге, жек көрүүчүлүк сөздөргө карабастан Түркия бардык диний ишеничтер эркин аткарылган, зомбулук жана террордон башка бардык ойлор эркин ишке ашырылган бир өлкө.

Акыркы 19 жылда ишке ашырган реформаларыбыз, эркиндиктерди чектеген антидемократиялык кыймылдарды жоюп, өлкөбүздүн бул өзгөчөлүгүн дагы да күчтөндүрдү.

Дин, тил, раса, тек өзгөчөлүктөрүнө карабастан Түркия республикасынын жарандарынын баарынын тынчтык, коопсуздук жана тынчтык ичинде жашоолору негизги алдыңкылыктарыбыз.

Жүздөгөн жылдык өтмүштү бөлүшкөн адамдар катары келечегибизди да бирдикте курарыбызга ишенебиз. Еврей жарандарыбыздын өлкөбүздүн өнүгүшү, күчтөнүшү жана максаттарына жетиши үчүн кошкон салымдарын жогору баалайбыз. Бул ой менен Рош Ашана майрамынын башта жарандарыбыз жана бардык еврейлерге ден соолук, тынчтык алып келишин каалайбыз».



Тектеш кабарлар