Эрдоган: «Биз бул жылды 9 пайыздын тегерегинде өсүү менен жабабыз деп үмүттөнүүдөбүз»

Президент Эрдоган Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1703535
Эрдоган: «Биз бул жылды 9 пайыздын тегерегинде өсүү менен жабабыз деп үмүттөнүүдөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын экономикасы быйыл 9 пайыздын тегерегинде өсүү темпи менен жабыла турганын үмүт кылышканын айтты.

Президент Эрдоган Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Өткөн жылы дүйнөнүн жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) кесепетинен абдан оор экономикалык мезгилди башынан өткөргөнүн баса белгилеген Эрдоган, мындай оор мезгилде Түркиянын эпидемиянын терс таасирине каршы абдан ийгиликтүү болгонун айтты.

Эрдоган: «Биз 2020 -жылы 1,8 пайыздык өсүшкө ээ болуу менен бул ийгиликке жеткен G20 өлкөлөрүнүн катарына кирдик. Түркиянын экономикасы дүйнөлүк кризистен кийин ички жана тышкы конъюнктурада болгон бардык көйгөйлөргө карабастан үзгүлтүксүз өсүшүн улантты.

Жылдын биринчи чейрегинде жылдык өсүү темпи 7,2 пайызга, экинчи чейректе 21,7 пайызга жеттик. Бул көрсөткүчтөрдөн кийин Түркия дүйнөдө Англиядан кийин экинчи орунду ээледи»,-деди.

Рекорддорду уланткан экспорттун август айында 207 миллиард доллардан ашканын айткан Эрдоган, эл аралык резервдердин да белгилүү бир түрдө жогорулаганын айтты.

Экспорттун 2021 -жылдын аягына чейин 211 миллиард доллардан ашарын болжолдогондорун баса белгилеген Эрдоган:«Биз географиялык жактан Түркиядан алыс, бирок экспорттук потенциалы жогору өлкөлөр менен экспортубузду күчөтүү үчүн алыскы өлкөлөр стратегиясын кеңейтебиз. Чет элдеги логистикалык борборлор аркылуу экспорттоочулардын потенциалдуу рынокторго катышуусун тездетебиз»,-деди.

«Өсүү - Түркиянын максаттарына жетүүсүнүн негизги шарты »,-деп айткан Эрдоган: «Биз бул жылды 9 пайыздын тегерегинде өсүү менен жабабыз деп үмүттөнөбүз. Биз экономиканын жылдык 5,3 пайыздык өсүшүн көздөөдөбүз»,деген пикирин айтты.



Тектеш кабарлар