Бахрейн королунун Түркия билдирүүсү

Бахрейн расмий маалымат агентигинин кабарына караганда Аль Халифе Түркиянын Бахрейн элчиси Эсин Чакылды кабыл алды.

1703000
Бахрейн королунун Түркия билдирүүсү

Бахрейндин королу Хамад бин Иса Аль Халифе : «Түркия менен карым  - катнаштар жана кызматташуу өнүгүүдө»,- деди.

Бахрейн расмий маалымат агентигинин кабарына караганда Аль Халифе Түркиянын Бахрейн элчиси Эсин Чакылды кабыл алды.  

Аль Халифе менен элчи Чакыл жолугушууда эки боордош өлкөнүн ортосундагы жакшы жана жакын карым  - катнаштарды карап чыгышты. Жолугушууда Аль Халифе карым  - катнаштардын жеткен жери менен бардык тармактардагы кызматташуунун өнүгүшүнө көңүлдөрдү бурду.

Бахрейн королу эки өлкөнүн ортосундагы достук карым  - катнаштардын күчтөнүшүнө маани бергендиктен элчи Чакылга ыракмат айтты.

Элчи Чакыл да Бахрейндин королу Аль Халифеге бардык тармактарга өзгөчө маани бергендиктен ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар