Түркия Нериман Желалдын Орусия тарабынан кармалышына тынчсызданганын билдирди

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич Крым Татар Улуттук Мажлисинин төрагасынын биринчи орун басары Нериман Желалдын кармалышы боюнча суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1702576
Түркия Нериман Желалдын Орусия тарабынан кармалышына тынчсызданганын билдирди

Түркия Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крымда Орусиянын коопсуздук күчтөрү Крым Татар Улуттук Мажлисинин (КТУМ) төрагасынын орун басары Нериман Желалдын кармалышына тынчсызданганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич Крым Татар Улуттук Мажлисинин төрагасынын биринчи орун басары Нериман Желалдын кармалышы боюнча суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Кечээ эртең менен Крымдагы үйүнө жасалган тинтүүдөн кийин Желалды кармап белгисиз жакка алып кетишкенин жана азырынча ал тууралуу эч кандай кабар жок экенин билдиришкенин белгилеп: «Биз окуяларды тынчсыздануу менен байкап жатабыз жана Нериман Желал менен бирге камакка алынган төрт крым татарынын үйлөрүнө жана үй -бүлөлөрүнө тезирээк кайтып келишин каалайбыз»,деп билдирген.



Тектеш кабарлар