Эрдоган волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасын куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2021 CEV Европа чемпионатында коло медалга ээ болгон улуттук аялдар курама командасын куттуктады.

1702671
Эрдоган волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасын куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2021 CEV Европа чемпионатында коло медалга ээ болгон улуттук аялдар курама командасын куттуктады.

Президент Эрдоган Сербиянын борбору Белградда үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Нидерландияны 3-0 эсебинде утуп коло медалга ээ болгон жарым ай жылдыздуу команданын ийгилиги үчүн Түркия Волейбол Федерациясынын (TVF) төрагасы Мехмет Акиф Устундаг жана команданын капитаны Эда Эрдем Дүндар менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Режеп Таййип Эрдоган Эда менен болгон сөзүндө коло медалдын да маанилүү бир ийгилик экенин айтып, «Куттуктайм. Сиздин көрсөткөн ийгилигиңиз баарынан жогору. Биз сиздин бардык жетишкендиктериңиздин уландысын күтөбүз»,-деп айтты.

Үстүндаг президент Эрдоганга колдоосу үчүн рахмат айтып,«Сиз бизге дайыма чалып турдуңуз, бизге жардам бердиңиз. Чоң рахмат»,-деди.



Тектеш кабарлар