Чавушоглу Грецияны эскертти

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын  Батыш Фракияда түрктөр тарабынан шайланган муфтийлерге карата кийлигишүүчү жана кысым көрсөтүүчү саясатына чекит коюшу керектигин айтты.

1702577
Чавушоглу Грецияны эскертти

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын  Батыш Фракияда түрктөр тарабынан шайланган муфтийлерге карата кийлигишүүчү жана кысым көрсөтүүчү саясатына чекит коюшу керектигин айтты.

Министр Чавушоглу, Батыш Фракия түрк азчылыктары боюнча кеңешинин төрагасы жана Гүмүлжине муфтийи болуп шайланган Ибрахим Шериф өзүнүн твиттер эсебинен: «5 жыл мурун Аланкуйулуу бир туугандарыбыз тарабынан уюштурулган массалык сүннөт тойуна катышуубуз кызматты кыянаттыкка колдонуу катары кабыл алынып /.../ 7 октябрга бизди Салоники Бидайет сотуна чакырышты. Кудай бизге жардам берсин» деген өзүнүн билдирүүсүн келтирди.

Чавушоглу Грециянын интервенционисттик практикасына жана Батыш Фракияда түрктөр тарабынан шайланган муфтийлерге карата кысым көрсөтүү саясаттарына чекит коюшу керектигине көңүл бурду.

«Биз Лозанна тынчтык келишиминен (1923) келип чыккан укуктары менен диний эркиндиктерин коргоодо мекендештерибиздин жанындабыз»,деген сөздөрү менен чечимге каршылык көрсөттү.



Тектеш кабарлар