Түркия-Мальдив кызматташтыгы

Караисмаилоглу Түркия менен Мальдив аралдарын жакындаштыра турган «Аба кызматтары келишимине» кол койгондорун айтты.

1701708
Түркия-Мальдив кызматташтыгы

Түркия менен Мальдив Республикасынын ортосунда "Аба кызматтары келишими" түзүлдү.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу менен Мальдив Республикасынын транспорт жана жарандык авиация министри Айшат Нахуланын Стамбулда жабык эшик артындагы эки тараптуу жолугушуусунан кийин кол коюу аземи өткөрүлдү.

Аземде сүйлөгөн Караисмаилоглу Түркия менен Мальдив аралдарын жакындаштыра турган «Аба кызматтары келишимине» кол койгондорун айтты.

Караисмаилоглу кол коюу аземине чейинки жолугушууларында өлкөлөр ортосундагы транспорттук карым-катнаштарды талкуулашкан жыйналыш өткөрүшкөндөрүн белгилеп, Түркия менен Мальдивдер географиялык жактан бири-биринен алыс болгонуна карабастан эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык платформаларда да тыгыз мамиледе экенин билдирди.

Караисмаилоглу Мальдив Республикасынын транспорт жана жарандык авиация министри Нахуланы 6-8-октябрда боло турган 12-Транспорт жана коммуникация кеңешине чакырды.

Нахула да өз сөзүндө келишимге кол коюуга кубанычта экенин билдирди.



Тектеш кабарлар