Эрдоган Ризедеги ачылыш аземине катышты

Эрдоган Ризеде Ийидере-Икиздере жолу жана туннелдердин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1702231
Эрдоган Ризедеги ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Инфляция биздин эле эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү»,-деди.

Эрдоган Ризеде Ийидере-Икиздере жолу жана туннелдердин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын экономикасына токтолуп: «Биз мурунку күнү 2-чейректин өсүшү тууралуу жакшы кабарды алдык. Түрк экономикасы 2-чейректе 21,7 пайыздык өсүү көрсөткүчү менен Британиядан кийин экинчи орунда турган өлкө.

Кечээки күнүбүздү да экспортубуздун тарыхыбыздагы эң жогорку деңгээлге жеткендиги тууралуу жакшы кабар менен баштадык. Августтагы экспортубуз 19 миллиард долларды, жылдын 8 айындагы экспортубуз 140,2 миллиард долларды, 12 айлык экспортубуз 207,5 миллиард долларды түзүп өсүү көрсөткүчтөрүн тастыктады»,-деди.

Инфляциянын бир гана Түркиянын эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү экенин айткан президент: «Жумуш менен камсыз кылууда да 29 миллиондон аштык. Инфляция биздин гана эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү. Евро аймагы акыркы 10 жылдагы эң жогорку инфляция менен күрөшүүдө. Түркия мындай көйгөйлөрдү артта калтырып, эпидемиянын ортосунда пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен алда канча чоң ийгиликтерди багындыруу потенциалына ээ болгон өлкөгө айланды»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар