Эрдоган менен Октай алтын медалга ээ болгон Түркиянын голбол боюнча кыздар командасын куттукташты

Эрдоган менен Октай спортчулар менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1702224
Эрдоган менен Октай алтын медалга ээ болгон Түркиянын голбол боюнча кыздар командасын куттукташты
fuat oktay.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен вице-президент Фуат Октай, 2020-жылкы Токио Паралимпиада оюндарында алтын медалга ээ болгон Түркиянын голбол боюнча кыздар командасын куттукташты.

Эрдоган Токиодо жүргөн жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу аркылуу Паралимпиада оюндарында катары менен экинчи жолу алтын медалга ээ болгон улуттук команда менен телефондо сүйлөштү.

Улуттук спортчуларды куттуктаган президент Эрдоган: «Бизге чоң бакыт тартууладыңыздар. Американы утуп алдыңыздар үчүн бизди өзгөчө сыймыктандырдыңыздар. Мындан ары да ийгиликтериздин уланышын каалаймын», деди.

Вице-президент Октай да социалдык медиа баракчасынан: «2020-жылкы Паралимпиадалык оюндарда биздин голбол боюнча кыздар командабыз Токиодо тарыхта калды жана Олимпиадада катары менен экинчи жолу өлкөбүзгө алтын медалды алып келди. Спорттук жетишкендиктериңиздер менен бизди сыймыктандырып жатасыздар. Баарыңыздарды чын дилден куттуктаймын»,-деди.



Тектеш кабарлар