Акар: «Түрк куралдуу күчтөрү эң кызуу мезгилин башынан өткөрүп жатат»

Аба күчтөрү командирлигинин жаңы учуу окуу жылы, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TКK) командалык деңгээлинин аткарган учушу менен башталды.

1701423
Акар: «Түрк куралдуу күчтөрү эң кызуу мезгилин башынан өткөрүп жатат»

Аба күчтөрү командирлигинин жаңы учуу окуу жылы, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TКK) командалык рангасынын аткарган учушу менен башталды.

Акар биринчи пилоттук орунга отурган «Кожа Юсуф» деп аталган A400M учагы миссиясын ийгиликтүү аяктады.

Операциядан жана гуманитардык жардам иштеринен тышкары Ооганстандагы аскердик кызматкерлердин эвакуациясына катышкан учакты Аскердик аба күчтөрүнүн командири армия генералы Хасан Күчүкакйүз башкарган реактивдүү учак коштоп жүрдү.

Аскердик аба күчтөрү командирлигинин жаңы учуу окуу жылы борбор шаар Анкарадагы 12 - аба транспорту башкы базасы командирлигинде өткөрүлгөн аземден кийин башталды.

Аземде сөз сүйлөгөн Акар, Түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкө ичинде да, чек аранын тышында да маанилүү иштерди аткарганын айтты.

«Биргелешкен операциянын ажырагыс негизги элементтеринин бири болгон биздин Аскердик -аба күчтөрүнүн командирлигинин операциялык жана тынчтык миссияларындагы ийгиликтери баарына белгилүү. Акыры, сиз Ооганстандан эвакуациялоо миссияңызды техникалык жактан да административдик жана эл аралык мамилелер жактан да чоң ийгилик менен аткардыңыз»,-деди ал.

Акар, ТККнын эң кызуу мезгилин башынан өткөрүп жатканын белгилеп, «Биздин эң маанилүү милдетибиз - терроризм менен күрөшүү. Биз бул жаатта катуу аракет кылып жатабыз. Террорист кайда, биздин бута ошол жак. Акыркы террорист жок кылынганга чейин террористтердин изин кууй беребиз. Эң акыркы террористти жок кылып асыл улутубузду бул коркунучтуу балээден куткарабыз»,-деп айтты.

Коргоо өнөр жайындагы маанилүү окуяларга токтолгон Акар: «Биз өзүбүздүн ок -дарыбызды, тик учактарыбызды, учкучсуз учуучу аппараттарыбызды, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбызды, пушкаларыбызды, MİLGEM'дерди долбоорлоп, өндүрүүдөбүз жана экспорттоодобуз. Жакынкы келечекте улуттук согуштук учактарыбызды курабыз жана ар кандай жол менен чет өлкөгө көз карандылыктан кутулабыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар