Калын-Гриффитс жолугушуусу

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда Ооганстан менен Сириядагы гуманитардык абал жана жардам маселелери талкууланды.

1700973
Калын-Гриффитс жолугушуусу

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча башкы катчысынын орун басары Мартин Гриффитс менен жолугушту.

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда, Ооганстан менен Сириядагы гуманитардык абал жана жардам маселелери талкууланды.

Ооганстандагы гуманитардык абалды начарлатпоо үчүн стабилдештирүүнүн жана тынчтыкчыл өткөөл процессинин маанилүүлүгү баса белгиленди. Сирияга гуманитардык жардамдын уланышын камсыз кылган Коопсуздук кеңешинин чечимине канааттануу билдирилди.

Ибрахим Калын жыйында Түркиянын жаңы иммиграция толкуну менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин белгилеп, эл аралык коомчулуктун чукул жана чечкиндүү түрдө жоопкерчилик алуусу керектигин баса белгиледи.

Жолугушуу учурунда ошондой эле Сириядагы азыркы гуманитардык кризисти токтотуу үчүн саясий чечимге жетишүүнүн абдан маанилүү экени айтылды.



Тектеш кабарлар