Эрдоган: «ФЕТӨнү Балкан өлкөлөрүнөн сүрүп чыгарабыз»

Эрдоган Түркиянын Сербиядагы Жаңы базар башкы консулдугунун ачылыш аземине видео билдирүү менен катышты.

1700892
Эрдоган: «ФЕТӨнү Балкан өлкөлөрүнөн сүрүп чыгарабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Фетуллахчы Террордук Уюмду (ФЕТӨ) Балкан өлкөлөрүнөн сүрүп чыгарабыз»,-деди.

Эрдоган Түркиянын Сербиядагы Жаңы базар башкы консулдугунун ачылыш аземине видео билдирүү менен катышты.

Президент Эрдоган өз сөзүндө: «Биз ФЕТӨнүн чыккынчылык бандасын Балкан өлкөлөрүнөн сүрүп чыгарабыз. Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА аймакта өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда. Балкан аймагындагы бардык элдерди кылымдар бою бирге жашаган жана келечекте да чогуу жашай турган досторубуз катары эсептейбиз.

Сербияда босния калкы жыш жайгашкан Санжак аймагында ачылган Жаңы базар башкы консулдугубуз өлкөбүзгө ийгилик алып келет деп ишенем. Баарыңыздарга жылуу саламымды билдирем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар