Түркияны колдогон билдирүүлөр келүүдө

Түндүк Кипр Түрк Республикасы, айрым облустарда чыккан токой өрттөрү үчүн Түркияга карата колдоосун билдирди.

1683015
Түркияны колдогон билдирүүлөр келүүдө

Түндүк Кипр Түрк Республикасы, айрым облустарда чыккан токой өрттөрү үчүн Түркияга карата колдоосун билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Анталья, Мугла жана айрым облустардагы токой өрттөрү тууралуу вице  - президент Фуат Октайга телефон чалып көңүл айтты.

Вице  - президенттиктен алынган маалыматка караганда Татар чыккан өрттөрдөн улам жеке өзүнүн жана ТКТРсынын калкынын атынан санааркагандыгын белгилеп : «Түркиябыздын кыйынчылыгы биздин кыйынчылыгыбыз. Аллах элибизди коргосун»,- деди.

ТКТРсынын премьер  - министри Эрсан Санер да Түркиядагы өрттөр тууралуу ТКТРсынын өзүнө түшкөн миддетти аткарууга даяр экендигин айтты.

Азербайжандын премьер  - министри Али Эседов да дос жана боордош Азербайжандын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Түркиянын жанында экендигин белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Саид Хатибзаде да Түркиянын түрдүү аймактарында чыккан жана  материалдык чыгымдарга жол ачкан токой өрттөрүнөн кайгылангангандыгын билдирди. Хатипзаде Ирандын тышкы иштер министрлигинин сайтынан жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө токой өрттөрүнөн улам Түркия башкаруусу жана эли менен тилектештик ичинде экендигин белгиледи.

Ирандык жетекчилер өрттөрдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жардам берүүгө даяр экендерин билдиришти.

Европа Биримдиги, Сербия, Британия жана Венгриядан да Түркиядагы токой өрттөрүнөн улам  көңүл айтуу билдирүүлөрү келди.



Тектеш кабарлар