Түркия Курздун сөздөрүнө каршылык көрсөтү

Түркия Австриянын премьер  - министри Себастьян Курздун афган качкындар үчүн Түркияны «туура жер» деп көрсөткөндүгү таң калуу жараткандыгын билдирди.

1680590
Түркия Курздун сөздөрүнө каршылык көрсөтү

Түркия Австриянын премьер  - министри Себастьян Курздун афган качкындар үчүн Түркияны «туура жер» деп көрсөткөндүгү таң калуу жараткандыгын билдирди.

Бул тууралуу суроолорго жазуу түрүндө жооп берген тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич : «Бүткүл дүйнөнү таасир астына алган жана баарынын маселеси болгон мыйзамсыз миграция маселесин чечүү үчүн биргеликте  аракет кылуу жана кызматташууну баса белгилегендин ордуна «мигранттар бул жерге келбесин, башка жерге барсын» деп айтуу өзүмчүлдүк жана  эч кимге пайдасы болбогон бир кыймыл. Түркия аймактан  чыккан массалык бир миграция кризисинин жыйынтыктарына чыдабайт жана жаңы бир миграция толкунун да моюнга ала албайт. Муну ар бир мүмкүнчүлүктө билдирип, Түркиянын Европа Биримдигинин чек ара коргоочусу же  мигранттардын  лагери эмес экендигин баса белгилеп жатабыз»,- деди.

Билгич : «Австраиянын премьер  - министри Себастьян Курздун бир гезитке берген маегинде афган качкындар үчүн  Түркиянын туура жер экендигин белгилеши бизди таң калтырды. Баарыдан мурда  Түркия канцлер Курздун айтканындай Афганистанга коңшу өлкө эмес»,- деди.

 



Тектеш кабарлар