Алты террорист жок кылынды

Ынандыруу иштеринин натыйжасында бул жылы багынган террорист саны 109га жетти.

1680959
Алты террорист жок кылынды

Сирияда «Тынчтык булагы» аймагында ПКК/ЙПГ террордук уюмдун 6 террористти жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берген маалыматында Мехметчиктин террористтерге көз ачтырбай жаткандыгы белгиленди.

«Тынчтык булагы» аймагына кол салууга даярданган ПКК/ЙПГнин 6 террористтинин кол салууну ишке ашырбастан жок кылынгандыгы билдирилген маалыматта : «Террор менен жана террористтер менен күрөшүүнү улантабыз»,- деп билдирилди.

Бир тараптан Жандармериянын башкы командирлиги жана Коопсуздук директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу иштеринин натыйжасында ПККдан качкан бир террористтин коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгы маалымдалды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда бүгүн Мардинде багынган террористтин бул жылы январь айында террордук уюмга кошулгандыгы жана Сирияда кол салууларды аткаргандыгы аныкталды.

Ынандыруу иштеринин натыйжасында бул жылы багынган террорист саны 109га жетти.



Тектеш кабарлар