ТРТ 18 өлкөдөн 60 журналистке тренинг өткөрүүдө

ТРТдан берилген маалыматка караганда бүгүн башталган тренингдер 28 -  июлга чейин созулат.

1680374
ТРТ 18 өлкөдөн 60 журналистке  тренинг  өткөрүүдө

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТ менен Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги башкармалыгынын кызматташуусу менен 18 өлкөдөн 60 журналистке «Социалдык медиа жана санариптик журналистика тренинги»  өткөрүлүүдө.

ТРТдан берилген маалыматка караганда бүгүн башталган тренингдер 28 -  июлга чейин созулат.

ТРТнын билим берүү мекемеси тарабынан пландалган тренингдерде Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Сербия, Пакистан, Альжир, Ливан, Иордания, Босния Герцеговина, Грузия, Өзбекстан, Хорватия, Молдова, Украина, Румыния, Косово, Монголия, Уганда, Албания жана Казакстандан  60 журналист  тармагында адис ТРТнын профессионалдары менен жолугушууда.

Программанын негизинде TRT Worldдын авторизацияланган продюссери Ашфаак Карим "Социалдык медиа үчүн видео өндүрүшү" жана "Журналисттер үчүн социалдык медианы көзөмөлдөө ыкмалары", TRT Worldдын социалдык медиа адиси Эмре Үнал «Социалдык медиага киришүү»,  TRT World Санарип өнөктүгүнүн адиси Сүмеййа Олсай «Медиада санариптик кампанияны башкаруу», TRT World алып баруучусу Али Мустафа «Санариптик видео окуясын баяндоо», санариптик стратегия адиси Дидем Байрам «Санариптик трансформация медиа индустрияга кандай таасир этет? " деген темада тренинг өтүүдө.



Тектеш кабарлар