Террор менен күрөш улантылууда
Хаккариде ПКК жикчил террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынды.
1680404
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта «Эрен - 14» операцияларынын негизинде Хаккари - Меркез районунун Каваклы элетинде Хаккари облустук жандармерия командирлиги жана облустук коопсуздук директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен операцияда ПККнын 2 террористтинин жок кылынгандыгы белгиленди.
Маалыматта аймактагы операциялардын улантылып жаткандыгы билдирилди.
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел - Чагылган» жана Зап аймактарында 2, Сирияда «Тынчтык булагы» аймагында 1 ПКК/ЙПГ террористти жок кылынды.
ПКК/КЖКнын Хакрук логистикалык аянты боюнча жооптуусу Сердар Пир Авеста каймана аттуу террорист Хакан Атештин да Ирактын түндүгүндөгү Хакрукта жок кылынгандыгы маалымдалды.