Президент Эрдоган сел жүргөн жерлердин апаат аймагы деп жарыяланарын билдирди

Президент Эрдоган твиттер баракчасынан жакында болгон суу ташкыны боюнча маалымат берди.

1680503
Президент Эрдоган сел жүргөн жерлердин апаат аймагы деп жарыяланарын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, суу ташкынынан жапа чеккен Дүзже, Ризе жана Артвин облусунун райондору  менен айылдары табигый кырсык аймактары деп жарыяланарын билдирди. 

Президент Эрдоган твиттер баракчасынан жакында болгон суу ташкыны боюнча маалымат берди. 

Ризе, Артвин жана Дүзже облустарында  болгон сел апааты жол ачкан кыйроолорду калыбына келтирүү, жараларды айыктыруу үчүн керек болгон бардык кадамдарды таштоону улантышарын белгилеген Эрдоган бул 3 облустун селден таасирленген  район жана айылдарын апаат аймагы деп жарыяланарын билдирди. 

Эрдоган апаат аймагы деп жарыяланган жерлерде Социалдык Коопсуздук мекемесинин премиуму менен ишкана ээлеринин кредитин төлөөнүн кечеңдетилерин, иш жерлери менен унаалардын чыгымдары үчүн жардам көрсөтүрлөрүн айтты. 


 



Тектеш кабарлар