Мустафа Шентоп, Ибрахим Калын жана Өмер Челик Тунистеги абалдар тууралуу билдиришти

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Тунисте шайланган парламентти жана депутаттардын кызматын аткаруудан алыстаткан чечимдердин конституциялык тарипке каршы төңкөрүш экендигин белгиледи.

1680253
Мустафа Шентоп, Ибрахим Калын жана Өмер Челик Тунистеги абалдар тууралуу билдиришти
ibrahim kalin.jpg
omer celik.jpg
numan kurtulmus.jpg

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Тунисте шайланган парламентти жана депутаттардын кызматын аткаруудан алыстаткан чечимдердин конституциялык тарипке каршы төңкөрүш экендигин белгиледи.

Мустафа Шентоп Тунистин президенти Кайс Саиддин парламенттин иштерин тоңдуруу жана премьер  - министрди кызматтан алуу чечими тууралуу твиттерден  маалымат берди. Шентоп : «Тунисте болгондор тынчсыздандыруучу. Шайланган парламентти жана депутаттарды кызматтан алуу чечимдери, конституциялык тартипке каршы сокку. Аскердик/ бюрократиялык төңкөрүш бардык жерде мыйзамсыз. Тунисте да мыйзамсыз. Тунис калкы конституциялык  тартипке жана мыйзамга ээ чыгат»,- деп билдирди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын  Тунисте демократиялык процесстин токтотулгандыгын белгилеп : «Конституциялык мыйзамдуулугу жана элдин колдоосу болбогон кыймылдарды айыптайбыз»,- деди.

Ибрахим Калын соцтармактан Тунисте президент Кайс Саиддин парламенттин ишин тоңдуруу жана премьер  - министрди кызматтан алуу чечимдерине байланыштуу өз баасын берди.

Ибрахим Калын : «Дос жана боордош Тунисте демократиялык процесстин токтотулушун жана элдин демократиялык эркин жокко чыгарышын четке кагабыз. Конституциялык мыйзамдуулугу жана элдин колдоосу болбогон кыймылдарды айыптайбыз. Тунис демократиясынын бул процесстен күчтүү чыгарына ишенебиз»,- деди.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясы АК партиянын башкы катчысы Нуман Куртулмуш да жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжанда журналисттерге берген маалыматында Түркия катары төңкөрүштөргө каршы экендерин белгилеп : «Тунистеги төңкөрүштүн Тунис калкына зыян берерин көрүп турабыз.  Түркия катары акырына чейин бул антидемократиялык кыймылга каршыбыз»,- деди.

АК партиянын катчысы Өмер Челик да соцтармактан берген билдирүүсүндө Тунисте болгондор тууралуу  : «Саясий мыйзамдуулукка карата төңкөрүш. Тунис демократиясын колдоону улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар