Анголанын лидери Түркияга келет
Жолугушууларда Түркия-Ангола карым-катнаштары ар тараптуу каралып, ар кандай тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
Анголанын президенти Жоао Мануэль Гончалвес Луренчо, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен 3 күндүк расмий иш сапардын негизинде Түркияга келет.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы биринчи президенттик сапардын алкагында боло турган жолугушууларда Түркия-Ангола карым-катнаштары ар тараптуу каралып, ар кандай тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
Нефть экспорттогон өлкөлөрдүн уюму OPEC жана португал тилдүү өлкөлөр коомунун кезектешкен башкаруучулугун жүргүзгөн Ангола менен өткөрүлө турган жекеме - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө өзгөчө Африка жана башка аймактык, эл аралык абалдар каралат.
Сапардын негизинде эки тараптуу карым - катнаштардын пайдубалын түзө турган келишимдерге кол коюлат.