Түрк Кызылайы Афганистанда миңдеген үй - бүлөгө жардам берди
Түрк Кызылайы бул жылы Курман айтта Афганистанда 5 000 үй - бүлөгө курмандык этин таратты.
1678953
Түрк Кызылайы бул жылы Курман айтта Афганистанда 5 000 үй - бүлөгө курмандык этин таратты.
Түрк Кызылайынын Афганистан делегациясынын башкармалыгынан берилген маалыматта бул жылы борбор шаар Кабул, Жалалабад жана Лагман аймактарында Түркиянын Кабул элчилигинин жардамдары менен жалпы 5 000 үй - бүлөгө курмандык этинин таратылгандыгы билдирилди.
Маалыматта ушундайча Афганистанда 35 000 адамга жардам берилгендиги баса белгиленди.