Россиялык адистерден Түркияга карата мактоо
Россиялык адистер Түркиянын эл аралык тармакта маанилүү роль ойногондугун жана аймактык күчкө айлангандыгын белгилешти.
Россиялык адистер Түркиянын эл аралык тармакта маанилүү роль ойногондугун жана аймактык күчкө айлангандыгын белгилешти.
Россиянын тышкы иштер министрлигинин дипломатия академиясына караштуу Актуалдуу эл аралык маселелер институтунда «Россия жана Түркия : кечээ, бүгүн, эртең» деген темада тегерек стол жыйыны өткөрүлдү.
Актуалдуу эл аралык маселелер институтунун директору Олег Карпович Россия менен Түркиянын карым- катнаштарынын маанисин белгилеп : «Түркия акыркы жылдарда эл аралык тармакта маанилүү роль ойноп жатат. Ушул себептен Россия менен Түркиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүсү эл аралык карым- катнаштарда маанилүү күн тартибине айланды»,- деди.
Карпович Түркиянын Түштүк Кавказия жана Орто Азияда маанилүү роль ойной баштагандыгын белгиледи.
Россиядагы Заманбап Түркия Изилдөөлөрү Борборунун директору Амур Гаджиев да Түркиянын улуттук кызыкчылыктарынын негизинде кыймыл кылгандыгын баса белгилеп : «Түркия акыркы 5 жылда аймактагы абалын бекемдеди жана коңшу өлкөлөрдөгү таасирин арттырды»,- деди.
Россия менен Түркиянын Сирия, Ливия, Карабах маселелеринин чечилиши боюнча аракет кылышкандарына көңүлдөрдү бурган Гаджиев эки тараптуу карым- катнаштардын «стратегиялык» деңгээлде экендигин эске салды.
Актуалдуу эл аралык маселелер институту Евразия Изилдөөлөр Борборунун төрагасы Али Мустафабейли да президент Р. Т. Эрдоганды сыйлагандыгын айтып : «Эрдоган күчтүү лидер. Эрдоган көз карандысыз кыймыл кылууга аракет кылууда»,- деди.
Европа - Азия маданият борборунун төрагасы Радик Амиров болсо «Геополитикалык жактан Түркия маанилүү»,- деди.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.