Түркия Кытайга көңүл айтты
Кытайдын Хнань аймагында болгон сел апаатында 25тен ашуун адам каза болду.
1678549
Түркия Кытайдын Хэнан аймагында болгон сел үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кытайдын Хэнан аймагында болгон сел апаатында 25тен ашуун адамдын каза болгондугу жана көп сандаган адамдын аймактан эвакуациялангандыгы белгиленди. Маалыматта : «Каза болгондордун жакындарына, Кытай эли менен өкмөтүнө көңүл айтабыз, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.