Түркия Грузия армиясына техникалык кызмат унааларын белекке берди

Улуттук коргоо министрлиги 24 -  январда Грузиянын коргоо министрлигине лазердик аралыкты аныктагыч менен бир катар инженердик жабдыктарды белек кылган.

1677626
Түркия Грузия армиясына техникалык кызмат унааларын белекке берди

 Улуттук коргоо министрлиги Түркия менен Грузиянын ортосунда кол коюлган  Аскердик финансылык кызматташуу келишимдеринин негизинде Грузиянын коргоо министрлигине техникалык кызмат унааларын белекке берди.

Борбор шаар Тбилисиге жакын Орхеви  аскердик казармасында өткөрүлгөн 4 техникалык кызмат унаасын тапшыруу аземине Грузиянын коргоо министри Хуаншер Бурчуладзе, Түркиянын Тбилиси элчиси Фатма Жерен Язган, Грузиянын башкы штабынын төрагасы, генерал-майор Гиорги Матиашвили менен Түркиянын Тбилиси элчилигинин аскердик аташеси, полковник Бурак Алтынер жана башка жетекчилер катышты.

Язган аземден кийин берген билдирүүсүндө грузин армиясынын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн арттырылышына колдоо көрсөткөндөрүн белгилеп : «Түркиянын Грузиянын куралдуу күчтөрүнө берген колдоо улантылууда»,- деди.

Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөш экендигин белгилеген Язган Түркиянын Грузиянын НАТО менен жүргүзүлүп жаткан интеграция процессин да колдогондугун айтты.

Улуттук коргоо министрлиги 24 -  январда Грузиянын коргоо министрлигине лазердик аралыкты аныктагыч менен бир катар инженердик жабдыктарды белек кылган. Түркия Грузия тарапка 27-декабрда 35 BMC Neocity 8,5 метрлик дизелдик автобус, 12 брондолгон курулуш техникасы жана ар кандай аппараттарды белек кылган.



Тектеш кабарлар