Тышкы иштер министри Болгарияга кирген түрк жарандары тууралуу билдирди

Курман айт майрамын Түркияда өткөрүүнү каалаган 172 миң түрк жараны Болгарияга кирди.

1677309
Тышкы иштер министри Болгарияга кирген түрк жарандары тууралуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Курман айт майрамын Түркияда өткөрүүнү каалаган 172 миң түрк жаранынын Болгарияга киргенин билдирди.

Чавушоглу Түркиянын Софиядагы элчилиги тарабынан твиттерде чет өлкөлүктөр үчүн жарыяланган билдирүүгө шилтеме берүү менен бөлүштү.

Элчиликтин чек ара капкаларында жардам берүүгө даяр экендигин билдирген Чавушоглу: "Биз бул майрамда биргебиз. Кечээ Түркияга сапар тарткан 172 миң жараныбыз Болгарияга киришти. Элчилигибиз чек ара капкаларында жардам берүүгө даяр. Болгария бийлигине кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Жол алыс, эңсөө күчтүү. Биз сизден кабардарбыз, жолуңуз ачык болсун ",- деди.



Тектеш кабарлар