Мевлүт Чавушоглу Пакистанга көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистандагы автобус кырсыгы тууралуу көңүл айтты.

1677482
Мевлүт Чавушоглу  Пакистанга көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистандагы автобус кырсыгынан улам   көңүл айтты.

Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «Пенжаптагы кырсыкта пакистандык боордошторубуздун  каза болгондугу тууралуу маалымат алдык. Каза болгондорго Алланын ырайымын,  жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз жана Пакистан калкына көңүл айтамын»,- деп билдирди.

Пакистандын Пенжап аймагына караштуу Дера Гази Хан аймагында эрте мененки сааттарда бир автобус менен жүк ташуучу машинанын кагылышып,  алгачкы маалыматтарга караганда араларында балдар менен аялдар да болгон 28 адам каза болуп, 40 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар