Эрдоган : "Тең укуктуу эки мамлекеттүү чечүүчү жолду жактайбыз"

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына кеткенден мурун пресс  - жыйын өткөрдү.

1677499
Эрдоган : "Тең укуктуу эки мамлекеттүү  чечүүчү жолду жактайбыз"

 Президент Р. Т. Эрдоган : «Кипрде мындан кийин жаңы сүйлөшүү процесси боло турган болсо , эки тең укуктуу жана эгемендүү мамлекеттин ортосунда гана боло алат»,- деди.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына кеткенден мурун пресс  - жыйын өткөрдү.

Президент Р. Т. Эрдоган Кипр түркүнүн аралда жарым кылымдан ашуун убакыттан бери теңдик жана адилеттик үчүн күрөшүп келгендигин айтып : «Сапарыбыз учурунда урматтуу президент Эрсин Татар менен жолугушуп, улуттук дообузга жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдарды карап чыгабыз»,- деди.

Эрдоган : «Кипрде адилеттүү, туруктуу жана улантууга боло турган бир келечекти каалаган бардык тараптарга бул тарыхый мүмкүнчүлүктү карап чыгуу чакыруумду кайталаймын. Кипр түрк тарабы дүйнөгө кимдин маселенин чечилишин каалагандыгын, кимдин каалабагандыгын дагы бир жолу көрсөттү»,- деди.

Р. Т. Эрдоган : «Түркия менен түрк калкынын ар бир  мүчөсү үчүн кечээ болгондой эле бүгүн да эртең да Кипр түркүнүн жанында  болууну улантат»,- деди.

Президент Эрдоган Кипр сүйлөшүүлөрү тууралуу берилген бир суроо боюнча буларды айтты: «Мындан кийин жаңы бир сүйлөшүү процесси боло турган болсо бул эки тең укуктуу жана эгемендүү мамлекеттин ортосунда гана болот».

Эрдоган Азербайжан  -  Түндүк Кипр Түрк Республикасынын карым  - катнашы тууралуу : «Азербайжан жана башка дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн бул жер менен мындай карым  - катнаштардын жогорку деңгээлде болушу, биздин аракетибиз, биздин эмгегибиз»,- деди.



Тектеш кабарлар