Түркия тарабынан Гананын борбор шаары Аккрада улуттук мечит жана комплекс курулду
Гананын ммалекет башчысы Түркия менен карым - катнаштар тууралуу маалымат берди.
Гананын мамлекет башчысы Нана Акуффо - Аддо Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы карым - катнаштардын жыл өткөн сайын өнүккөндүгүн билдирди.
Акуффо - Аддо Түркиянын борбор шаары Аккрада курган Гана улуттук мечити жана комплексинин ачылуу аземинде сөз сүйлөп, жыл өткөн сайын өнүккөн эки өлкөнүн карым - катнашранын маанисине токтолду.
Мечит жана комплекстин курулушу үчүн ыраазычылык билдирген Акуффо - Аддо берилген жардамдардан улам Түркияга ыракмат айтты.
Мечиттин мунарасынын борбор шаар Аккранын бардык жеринен көрүнүп тургандыгын белгилеген Акуффо - Аддо : «Менин оюмча, бул мечит борбор шаар Аккра шаарын гана кооздобостон, христиандар басымдуулук кылган бул мамлекетте исламдын символу катары өлкөнү көрктөндүрөт. Ошондой эле өлкөдөгү диний шайкештикти да көрсөтүп турат",- деди.
Акуффо-Аддо мечиттин бир гана сыйынуучу жер гана эмес, коомдук жана маданий иш-чаралар өткөрүлүп, адамдарды бириктирүүчү касиетке ээ экендигин айтты.