Мевлүт Чавушоглу Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугушту

Министр Чавушоглу кытайлык кесиптеши менен эки өлкөнүн президенттеринин акыркы телефон сүйлөшүүсүндө талкуулаган маселелерди карап чыгышкандарын белгиледи.

1676373
Мевлүт Чавушоглу Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.

Өзбекстанда "Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык байланыш, сыноолор жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык конференцияга катышуу үчүн Ташкентке барган Чавушоглу, кытайлык кесиптеши менен жолугушуусу тууралуу твиттерден билдирди.

Министр Чавушоглу кытайлык кесиптеши менен эки өлкөнүн президенттеринин акыркы телефон сүйлөшүүсүндө талкуулаган маселелерди карап чыгышкандарын белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 13-июлда болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркия-Кытай мамилелерин, айрыкча соода, инвестиция, энергетика, транспорт жана саламаттыкты сактоо тууралуу кадамдар жана аймактык өнүгүүлөр талкууланган.



Тектеш кабарлар