Мевлүт Чавушоглу : "Дос жана бир тууган Афганистанга карата колдообузду улантабыз"

Чавушоглу Афганистандын президенти Эшреф Гани жана тышкы иштер министри Мухаммед Ханиф Атмар менен жолугушту.

1676081
Мевлүт Чавушоглу : "Дос жана бир тууган Афганистанга карата колдообузду улантабыз"

Тышкы иштер министри  Мевлүт Чавушоглу дос жана бир тууган Афганистанга карата  колдоонун улантыларын айтты.

Чавушоглу Афганистандын президенти Эшреф Гани жана тышкы иштер министри Мухаммед Ханиф Атмар менен жолугушту.

Өзбекстанда өткөн Борбордук жана Түштүк Азия : аймактык байланыш, сыноолор жана мүмкүнчүлүктөр»  деген темада эл аралык конференцияга катышуу үчүн Ташкентке барган Чавушоглу твиттер эсебинен берген маалыматында Гани жана Атмар менен туруктуу тынчтык аракеттери тууралуу сүйлөшкөндөрүн белгилеп : «Дос жана бир тууган Афганистанга карата колдообуз улантылат»,- деп билдирди.

Министр Чавушоглу башка бир маалыматында да Белорусиянын премьер  - министринин биринчи орун басары Николай Снопков менен түшүмдүү жыйын өткөргөндөрүн белгилеп : «Карым  - катнаштарыбызды өз ара кызыкчылыгыбыздын негизинде өнүктүрөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар